Menu

Таалай Жапаровдун “жаалы” катуу го

Бөлүшүү:

Көрсезим, түркөйлүк адамзатынын айрып алгыс кемчилиги. Муну билип турган акыл-эстүү эле адамдар айрым учурда так ушулардын сыйыртмагына илинип кала беришет. Анткени алардын көзүн амбиция деген «май» басып алат тура. Айталы, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалай Жапаров ушу тапта Кудайын тааныбай тайрандап турган убагы. Убактылуу кызматтык даража менен адамгерчилик, абийир дегендерди чүмбөттөп салган Жапаров мыйзамыңды да уруп ойнобой кал­ган өңдүү. Эсеби маселен, абактагылардын тамак-ашы ар убак тендер менен алынаары бышык. Дегеле, бүгүнкү коомдо бардык нерсе тендерлешип калбадыбы. Мындай учурда жетекчилер үзгүлтүксүз келип турчу «жеминен» айрылып, тендердин да эбин табууга белсенишкен өңдөнөт. Айталы, Жапаров мыйзамдуу тендерди жактабастан, «мен тандаган киши гана тендерден утат» деп тескери сүйлөп, айтканын аткарбаган кызматкерлерин Ормон опузага алып, астын кызматтан кетирүүгө чейин барып жатканы эмнени айтат? Же бул кызмат Таалай мырзага атасынан калганбы? Мамлекетти кызматта олтурган соң мамлекеттин мыйзамдарынын чегинде иш алып баруу шарт эмеспи. Анын чегинен бир бутун чыгарып алып шанаңдагысы келген Жапаровдун жаалы ким токтотот?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: