Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Адыл Сапаров Нарын облусундагы Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси – акими болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Аталган чечим Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө» Мыйзамынын 14-беренесине ылайык кабыл алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ