Бүгүн, 13-июнда УКМК экс-премьер Темир Сариевди Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында чакырып, суракка алып жатат. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Темир Сариев Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоору ишке ашкан учурда, 2011-2015-жылдары Экономика министри, кийин 2015-2016-жылдары премьер-министр кызматын аркалаган жана Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы жооптуу деп тапкан 30 жооптуу кызматкердин катарына киргизилген.
Андан башка да бүгүн белгилүү болгондой Балыкчы-Корумду жолун куруудагы уурулуктар боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми Темир Сариев бул курулушту бюджеттик мыйзамды бузуп, бюджетте акча каралбай туруп баштаганы менен айыпталып жүрөт. Кыргыз басма сөзүндө Балыкчы-Корумду жолун курган кытайлык бизнесмендер ал курулушту алуу үчүн ошол кездеги премьер-министр Темир Сариевдин жардамчысына 6 миллион доллар пара бергендиги тууралу УКМКга көрсөтмө бергенин жазып чыгышкан.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ