Menu

Нур-Султанда жыйырмадай аял бачабаздарды өлүм жазасына тартууну талап кылышты

Бөлүшүү:

3-августта Нур-Султанда жыйрмадай аял Министрлер үйүнүн алдына чогулуп, бачабаздарды өлүм жазасына тартууну талап кылышты.

Алар өлкөдө балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн учурлар көбөйгөнүн, бийлик буга кош көңүл мамиле жасап жатканын, азыркы мыйзамдарда бачабаздарга карата жаза жеңил экенин сындашты.

Көп балалуу эне Айгүл Ниятбекова уулдары менен кыздарынын келечегине тынчсызданып жатканын айтты:

– Жакында Сатпаевде, андан кийин Байкоңурда, бир нече күн мурун борбор калаада дал ушундай шумдук окуя болду деп уктук. Кылмыш көбөйсө көбөйдү, азайган жок. Аялдар каршы туруп, коргоно алат. Ал эми балдар коргоно албайт. Бачабаз кызбы, уулбу тандабайт. Бийлик кастрация жасайбыз, ийне саябыз деп жатат. Бирок андан пайда жок.

Аялдарды полиция жана атайын бөлүктүн кызматкерлери көзөмөлдөп турушту.

Казакстан мыйзамдарына ылайык, жашы жете элек балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөр 20 жылга же өмүр бою эркинен ажыратылат.

Өлкөдө өлүм жасасына мораторий киргизилген.

26-июлда Караганды облусунун Сатпаев шаарында беш жаштагы кызды уурдоого жана зордуктоого шектелген 62 жаштагы жергиликтүү тургун камакка алынган. Бул окуядан кийин бачабаздарды жазалоону күчөтүү жөнүндө талкуу кайрадан жанданган.

Казакстанда 2018-жылдан тартып химиялык кастрация жөнүндө мыйзам күчүнө кирген. Жаза сексуалдык зомбулук үчүн соттолгондорго карата колдонулат. Кылмыш кодексине ылайык, кастрация күнөөсү сот тарабынан далилденген, 18 жаштан жогорку кишилерге колдонулат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: