Menu

Базарбай Мамбетов: “Былжыраган сөздөрдү өндүрүштөн түшүнүгү жок, көчөдөгү саясатчылар айта беришет”

Бөлүшүү:

— Базарбай Эстебесович, Россиянын президенти В. Путиндин биздин мамлекетке жасаган расмий иш сапарынын алкагында эки тараптуу бир топ келишимдерге кол коюлбадыбы. Анын ичинде биздин нефть тармагыбызды тейлеген “Кыргызнефтегаз” ишканасын орустардын “Газпром” компаниясына сатуу боюнча жол картасына кол коюлду. Кара май менен газ тармагын орустарга өткөрүп берүү пайдалуу болдубу же терс көрүнүш болуп калдыбы? Анализ жүргүзүп көрбөйлүбү?

— Бул келишим эң туура чечим болду. Экономикалык жактан алганда пайдалуу десек туура болот. Путиндин макулдугу менен “Газпром” “Кыргызнефтегазды” сатып алды. Эми алар бул тармак үчүн ири инвестиция алып келет. Эгемендүү мамлекет болгонубуздан кийин “Кыргызнефтегаз” өндүрүштү өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүгү жетпей калган. Акыркы жылдары жетишкен ийгиликтери жакшы болуп жатат. Бирок, ал жетишкендик менен нефть, газ тармагыбызды инвестиция жок тартып кетүү кыйын. Ошондуктан, эки өлкөнүн башчыларынын катышуусунда ушундай келишимге кол коюлганын кубаттайм.

— Кээ бир саясатчылар “нефть, газ тармагыбызды бир компанияга берип, монополист кылганыбыз туура эмес” деп жатышпайбы. Алар куру сөз менен кыйкырык салып жатабы?

— Мындай былжыраган сөздөрдү көчөдөгү саясатчылар, экономикадан түшүнүгү жок диванда жатып алып кыйкырганды сүйгөн адамдар айтып жатышат. 2014-жылы “КыргызГазды” “Газпромго” бергенде дагы “Суверенитетти жоготобуз” деп былжырашкан. Чындыгында “КыргызГаз” Казакстан менен Өзбекстандан алып жаткан газга акча төлөй албай, карызы 50 млн долларга чыккан. Газ бөлүштүрүүчү станциялар, түтүктөрдүн көбү эски болгондуктан аварияга учурап, өлкөгө газды туруктуу бере алган эмес. “Газпром” сатып алгандан кийин 25 млрд сомдук ири инвестиция алып келди. Бул деген 300 млн доллар. Чүй өрөөнүндө эле 25 калк жайгашкан аймакты газ менен камсыз кылды. 113 км газ өтүүчү магисталды оңдоду. 2 газ бөлүштүрүүчү станция курду. Мындан башка “Газпром” 5 жылдын ичинде ден-соолукту чыңдоочу 8 спорттук комплекс салды.

— “Кыргызнефтегаз” “Газпромго” өткөн соң бизде кандай мүмкүнчүлүктөр жаралат?

— “Газпромго” “Кыргызнефтегазды” өткөрүп берсек чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Мен буга толук ишенем. “Кыргызнефтегаз” эски скважиналарды иштетип келатат да. Скважиналар көпчүлүгү 1937-жылдан 1977-жылга чейин курулгандар. Нефти менен газдын көлөмүн көбөйтүү үчүн “Кыргызнефтегазга” абдан чоң инвестиция жумшашыбыз керек. Биз ээлеген Фергана өрөөнүндө нефти менен газ көп. “Кыргызнефтегаз” акыркы 10 жылдыкта 80 миң тоннага чейин нефть чыгарып турган. Өткөн жылы 126 миң тонна нефть өндүрдү. “Газпромго” өтүү менен жылына 1 млн тонна нефть өндүргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жалал-Абаддагы, Кара-Балтадагы, Токмоктогу нефтини кайра иштетүүчү заводдорду өндүрүлгөн чийки нефти менен камсыздап, толук кандуу иштеткенге жол ачылат. Муну көчөдө былжыраган сөздөрдү айтып жүргөн бейөкмөтчүлөр, саясатчылар билиши керек. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары болгону 60 млн куб газ менен камсыздалат. Бул газды Өзбекстандан сатып алып турганбыз. “Кыргызнефтегазды” “Газпромго” бергенден кийинки дагы бир мүмкүнчүлүгүбүз 300 млн куб газды алганга шарт жаралууда. Тагыраагы, түштүк аймагыбызды газ менен өзүбүз толук камсыздай алабыз. Советтер Союзунун убагында биз Өзбекстандан жылына 1 млрд куб газ алып турганбыз. Өзбекстан 1995-жылы 1 миң куб газдын баасын 294 долларга көтөрүп койгондон кийин анчалык чоң көлөмдөгү газ сатып ала албай калганбыз. Газ менен иштеп жаткан Чүй өрөөнүндөгү, түштүктөгү көп заводдор токтоп калган. Россиянын биздин түстүү нефти продукция рыногубузга келгенинин сыры, 2005-жылы Казакстан бизди өзүнүн нефти рыногунан чыгарып салган. Чымкенттин нефти кайра иштетүүчү заводу эле 260 миң тонна түстүү нефти продукцияларын берип турган. 2005-жылдын аягында Казакстан Кыргызстанга келип турчу нефти продукцияларына тыюу салып койгон. Ошондон кийин “Газпром” баштаган Россиянын нефти иштетүүчү компаниялары биздин рынокко келген. Азыр биздин нефти рыногубузду ишенимдүү түрдө 1 млн 250 миң тонна нефти продукциялары менен Россиянын компаниялары камсыздап турат. 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин Россияга барып сүйлөшкөн соң бизге келип жаткан нефти продукцияларына Россия экспорттук бажы салыгын алып салган. Ушул жетишкендиктен улам бизде Аи‑92 маркасындагы бензин 0,61 доллар турат. Тажикстанда ушул эле бензин 1,3 доллар, Өзбекстанда 1,3, Азербайжанда 0,9 доллардан сатылат.

— Орустар нефть тармагыбызды алгандан кийин берген убадасын аткарбай, создуктуруп келе берет, алардын көздөгөнү геосаясат гана деген божомол жүрүүдө. Ушул коркунуч барбы?

— Андай коркунуч жок. Путиндин буйругу менен “Газпром” биздин нефть тармагыбызды алып жатса, андай негиз болбойт. Биз туура эмес түшүнүк менен 28 жылдан бери бир дагы заводду жүргүзө албай келебиз. Буга чейин “КыргызГазды” жакшы жолго салдыкпы, эми “Кыргызнефтегазды” жакшы жолго салабыз.

— “Кыргызнефтегаз” “Газпромго” өткөн соң күйүүчү майдын баасына таасир береби?

— “Газпром” өзү бир жылда 1 млн чийки нефти өндүрсө болот деп айтты. Бул үчүн инвестиция салыш керек. Өндүрүлгөн нефтини өзүбүздөгү заводдордо кайра иштетип, алынган продукцияны өзүбүздүн рынокко коё берсек, сөзсүз баа тарифине таасир берет. Күйүүчү майлар арзан болот.

— Путин менен Жээнбековдун мындан башка кайсыл сүйлөшүүлөрү жемиштүү болду деп эсептейсиз?

— Эки президент көп маселелер боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Кыргызстан аркылуу Кытайдан Өзбекстанга кете турган темир жол боюнча Россия дагы кошулуп, биргелешип куралы деп сүйлөштү. 2001-жылдан баштап толугу менен иштебей турган Кайыңды менен Сокулуктагы кант заводдоруна дагы орус компанияларын жиберип, ошолор иштеткенге Жээнбеков макулдук алды. Ушул эки кант заводу иштегенде Чүй өрөөнүндөгү кант кызылчасын өстүргөн 200 миң адам иш менен камсыз болот. Кант заводдору менчиктештирилип кеткенден кийин кант кызылчасын өстүргөн 200 миң адам жумушсуз калды. Кайыңды кант заводу андан бери 4 компанияга сатылды. Бирөөсү дагы инвестиция салган жок. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 2 завод 17,5 млн доллар насыя алган. Бул каражатты дагы заводду модернизациялоо үчүн толук жумшашпады. Буга Өкмөт, Башкы прокуратура, УКМК, Финпол көз салган жок. Менин билишимче, Путин менен Жээнбеков жакшы мамиле түздү. Биздеги иштебей турган 30–40 заводдорду орус бизнесмендерине сунуштап, иштетип жибериш керек. Эгерде биздин өкмөт ишбилги болуп, Россиянын жетекчилигине токтоп турган заводдорду бекер берели, иштеткиле десе орустар келип иштемек.

Маектешкен: Наралы Асанбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: