Menu

Видео – Карамат Орозова, ЖК депутаты: “Пандемия учурунда азык-түлүккө муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөткөн фонддорго сыйлыктарды тапшырыш керек”

Бөлүшүү:

Пандемия учурунда азык-түлүккө муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөткөн фонддорго сыйлыктарды тапшырыш керек. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова билдирди.

“Дүйнө жүзүн каптаган илдет биздин экономикалык жактан алсыз болгон өлкөбүздү акыркы айда түйшүккө салды. Себеби дегенде биз экономикалык жактан араң турганбыз. Мындайча айтканда күнүмдүк жашоо менен алектенип, соода-сатык кылгандар, биздин “Жакыр үй-бүлө” – деген статусу бар үй-бүлөлөрдүн санын 3 эсеге көбөйтүп жиберди. Бирок ошол эле мезгилде Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымына караганда, бул илдет күн сайын өсүүдө. Пандемия учурунда кол сунуп, жардам берген фонддор, жеке ишкерлер бар. Бул инсандардын эмгегин баалай турган учур келди. Мисалга айта кетсем: Баткендеги “Эл аралык толеранттуулук” фонду 3 областка ИИМдин кызматкерлерине, көчөдөгү патрулдарга 316 миң 500 сомдук коргоочу кийимдерди, кол кап, бет каптарды камсыз кылып беришти. Андан тышкары 3 миңден ашуун үй-бүлөгө азык-түлүк таратышты. Оор шартта өкмөткө кол сунуп, жардам көрсөткөндүгүн эске алып, сыйлыктарды тапшырыш керек”, – деди депутат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: