Бүгүн, 16-июлга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алган жаңы 521 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарында – 273, Чүй облусунда – 74, Ош шаарында – 38, Ош облусунда – 16, Ысык-Көл облусунда – 30, Жалал-Абад облусунда – 43, Баткен облусунда – 39, Талас – облусунда – 8 учур катталган.
Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 12498.
Ал эми бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны 96.
Кыргызстанда бир сутка ичинде 75 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты.
Сутка ичинде Бишкек шаарынан 23, Чүй облусунан 18, Ош шаарынан 4, Ош облусунан 2, Жалал-Абад облусунан 3, Баткен облусунан 20, Нарын облусунан 3, Талас облусунан 2 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Жалпысынан өлкө боюнча айыккандардын саны 5632 кишини түздү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ