Menu

КСДПнын ишенгендери Асылбек Жээнбековдун атын жамынышып…

Бөлүшүү:

Жакында Исфана шаарынын мэри Абдилмухтар Анарботоев кызматын тапшырып кеткен. Мэрлик орунга ал мурунку бийлик тушунда айтылуу шопур Икрамжан Илмияновдун таасири менен келип отурган болчу. Бирок, бир кезде асман-айды чапчып кутурган Илмиянов тагдырдын тамашасы менен элге батпай калганда Анарботоев да ордун тапшырууга аргасыз болду.

Буга байланыштуу 18-сентябрда Исфанада мэр шайлоо өтөт. Ал эми жаңы мэрди шайлоонун шайтан оюндары учурда кызуу жүрүүдө. Бул орунга КСДПдан аттанып жаткан Абдували Хамраев “мен Асылбек Жээнбеков менен курсташмын, Бишкекке барып аны менен сүйлөшүп келдим, мени колдойсуңар” деп, президенттин инисинин атын колдонуп шаардык кеңештин депутаттарынын кулагын бурап жатканы маалым болду. Айтымында, алар 1986-жылы айыл-чарба институтунун агрофакультетинде чогуу окушкан экен.

Өздүк булактардан тактаганыбызда Асылбек Жээнбековдун бул ишке катыштыгы жоктугу, мэрликке талапкер бир кездери аны менен бир курста окуп калган фактысын өз кызыкчылыгына пайдаланып, манипуляциялоого аракет кылып жатканын билдиришти.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП партиясынын төрагасынын (А.Атамбаевдин) орун басары Мурадыл Мадеминов партиянын Лейлек районундагы координатору Салимбек Умаровго “кандай болбосун А.Хамраевди мэрликке өткөрөсүңөр”деген тапшырма берген. Умаров менен Исфанадагы өзбек улутунун лидери (Кыргызстандагы өзбек диаспорасынын жетекчисинин орун басары) Шухрат Камалов экөө шаардык кеңештин депутаттарын ар тараптан тооруп, ачкөздөрүн алдап, калбыры барларын коркутуп жатышканы айтылууда. Башка талапкерлердин бул шайлоого тең укукта катышуу жана ак ниет атаандашуу мүмкүнчүлүгү одоно түрдө чектелип жатканы маалымдалууда.

Шухрат Камалов өзүн жергиликтүү өзбектердин лидери катары санайт. Ал жөнүндө ММКда Лейлектеги ири наркобарон экендиги жана жикчил Кадыржан Батыровдун жакын санаалашы катары көп айтылат. Камалов, ошондой эле, бир кездери белгилүү шопур-саясатчы Икрамжан Илмияновдун ишенимдүү кишиси катары да белгилүү болуп калган. Шухрат Камаловдун уулу Зафар Кундузов шаарда вице-мэр болуп иштейт, бул орунга атасынын (анын үстүндөгү Илмияновдун) таасири менен келген.

Исфана шаардык кеңешинде 4 фракция бар: КСДП – 15, “Республика-Атажурт” – 8, “Өнүгүү-Прогресс” – 6 жана “Ата-Мекен” 2 депутаттык орунга ээ. Депутаттардын арасында кыргыз-өзбек деп бөлүнүү күч, өзгөчө кызмат бөлүштүрүү, шайлоо учурларында.

Алтынбек Азамат

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: