Эртең, 15-ноябрда Бишкектин айрым жеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда «Түндүк электр» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, оңдоо иштерине байланыштуу таңкы саат тогуздан кечки саат алтыга чейин электр жарыгы болбойт. Кайсы жерде өчұрүлөөрұн алдын ала эскертти. Ал төмөндөгүдөй: «Учкун» (Коңур-Өлөң, Чымындык), «Учкун-2де» (Жабинов) саат 9.30-16.00 чейин; Жибек Жолу, Дзержинскийде саат 9.30-17.00 чейин, саат 9.30-18.00го чейин Сарыкулаков, Панфилов, Чехов, Көк-Дөбө, Адигине, Кулатов, Он-Арча, Логвиненко, Калкагар, Сакалдуу, Кара-Коо, Сельсовет, Мессарош көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Ашхабадда; саат 9.00-12.00го чейин Беломорская, Республиканская, Кулиев, Кудрукта; саат 9.00-18.00го чейин «Арча-Бешик» (5-7-көчө, Бердибаев), «Ак-Өргө» (Соң-Көл, Ынтымак, Адилет, Тимур Фрунзе); саат 10.00-18.00 го чейин «Ак-Тилек» (Мажүрүм-Тал, Чалдыбар, Кырк-Чоро, Дзержинский); саат 10.00-12.00го чейин —”Алтын-Ордодогу” мурдагы «Полиция шаарчасында», азыркы “Мурас” көчөсүндө электр жарыгы болбойт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ