Кыргызстан Казакстандан кайтарымсыз түрдө 50 баш жейрен ала турган болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына таянсак, Казакстандан кайтарымсыз түрдө 50 баш жейрен алуу боюнча протоколго Кыргызстан кол койду. Учурда жаныбарларды алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Жейрендер Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, Орто-Токой суу сактагычынын аймагында тукумун көбөйтүү үчүн алынып келинет. Казакстандын тийиштүү органдарына долбоордун биологиялык негиздемесин агенттик жөнөттү.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, 1930-1940-жылдары Борбор Азияда жүз миңдеген жейрен болгон. Жейрендер биздин Ысык-Көл аймагында байырлашкан. Бара-бара алардын саны кыскарып отуруп, акыры (1990-жылдары) жок болуп кеткен. Жейрен Кызыл китепке кирген жаныбар, аны атууга болбойт! Жейренди аткан адамга 1 млн. сом айып пул салынат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ