Талас облустук соту, Талас шаарында волейбол жана кичи футбол боюнча кезектеги мелдешти өткөрдү. Бул туурасында жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.
Мелдешке Талас облусунун жергиликтүү курама командалары катышты. Спортчулардын алдында чыгып сүйлөгөн Талас облустук сотунун төрага орун басары Токтосун уулу Каныбек мындай иш чараларды өткөрүү кызматкерлердин ортосунда тыгыз байланышты, күч аракеттерин сынаганга жана тажрыйба менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берээрин айтты.
Мелдештин жыйынтыгында кичи-футбол боюнча биринчи орунду Талас райондук сотунун курама командасы ээледи, экинчи орунду Кара-Буура райондук сотунун курама командасы жана үчүнчү орун Талас областук сотунун курама командасына таандык болду.
Волейбол боюнча Талас райондук сотунун курама командасы жеңүүчү болсо, экинчи орунду Бакай – Ата райондук сотунун курама командасы ээлеп, үчүнчү орунду Манас райондук сотунун курама командасы алды.
Талас облустук сотунун төрага орун басары Токтосун уулу Каныбек мелдеште жеңген командаларды куттуктап, аларга кубок менен сыйлуу белектерди ыйгарды. Ошондой эле мелдештин жалпы катышуучуларына андан ары дагы жаңы спорттук ийгиликтерге жетишүүнү каалап кетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ