Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Мамлекет башчылары кыргыз-россиялык мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Владимир Путин Алмазбек Атамбаевди VI Санкт-Петербургдагы эл аралык маданий форумдун ачылыш аземине катышууга чакырды.
Форум дүйнөлүк деңгээлдеги маданий окуя болуп саналат. Форумдун салтанаттуу ачылышы 2017-жылдын 17-ноябрында Мариин театрынын жаңы сахнасында өткөрүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ