“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Канат Хасановдун үйүнө бүгүн, эртең менен белгисиз адамдар киришти. Бул туурасында ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Туура жарым саат мурун менин үйүмө бирөөлөр кирди, урууларбы же ким – билбейм, алар биринчи кабаттын терезесин түртүп ачышыптыр. Үндү уккан жубайым ойгонуп кетип кыйкырып баштаган. Тигилер терезеден секирип кетишти. Кызыгы, биринчи кабаттын жарыгы күйүп турган жана биринчи кабат жетишээрлик эле бийик, урууларбы же кимдир бирөөлөрдүн бетпактыгы менен коркпогондугу таңгалдырат. Эгерде жубайым ойгонуп кыйкыра баштабаса эмне болмок, элестеткенден корком”, – деп жазды Хасанов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ