Кечээ, 15-декабрда Москва метросунда төрөгөн Кыргызстандын жараны төрөтканадан чыгарылды. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгы Фейсбук баракчасында жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мурда аны төрөткөнгө жардам берген милиция кызматкерлери келинди гүл менен жакшы маанайда тосуп алышкан.
29 жаштагы Үпөл 9-декабрь күнү кечинде “Электрозаводская” метросунун фойесинде уул төрөгөн. Ымыркайдын жана энени абалы туруктуу.
Белгилей кетсек, буга чейин бул окуя боюнча ар кандай маалыматтар тараган. Москвада метродо көз жарган кыргызстандык келин ымыркайынан баш тартты деп россиялык “Москва 24” каналы кээ бир ММКларга шилтеме берүү менен билдирген. Ал эми элчилик бул маалыматты четке кагып эне баладан баш тартпайт деп айтып чыгышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ