Мындан ары Өзбекстандын мамлекеттик мекемелеринде иштеген кызматкерлер күн сайын дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап турушат. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.
«Жугуштуу эмес оорулардын профилактикасын, сергек жашоону колдоо жана элдин кыймыл-аракетин арттыруу» жөнүндөгү жарлыкка ылайык, мамлекеттик мекемелерде күн сайын гимнастика сааттары, жумасына бир жолу “саламаттык күнү” уюштурулат. Кызматкерлер чуркоо, сууда сүзүү, футбол, волейбол, баскетбол, теннис сыяктуу спорттук оюндарын ойноп, машыгып турушу керек.
Мындан тышкары мамлекеттик мекемелерде жумушчулар арасында популярдуу болгон спорттун түрлөрү боюнча мелдештер, ошондой эле дене тарбияга багытталган массалык иш-чаралар өткөрүлүп турат.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ