Казакстандык жеңил атлетчилер имарат ичиндеги Азия биринчилигинде командалык эсепте биринчи орунга ээ болушту.
Өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясынан билдиришкендей, 1-3-февраль күндөрү Тегеранда өткөн мелдештердин жыйынтыгында казакстандык спортчулар жети алтын, төрт күмүш жана бир коло медал утушкан.
Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан Азия биринчилигинде 26 топтом медал ойнотулду.
Медалдык эсепте беш алтын, тогуз күмүш жана 10 коло медалы менен Ирандын командасы экинчи орунга жазылган. 13 өлкөдөн турган тизменин аягында эки колосу менен Түркмөнстан жана бир коло медалы менен Жапония жайгашкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ