Новосибирск шаарынын Октябрь райондук соту 25-июлда Кыргызстандын жараны жана орус жаранына карата баш коргоо чарасын тандады. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары кабарлашты.
Алар Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 205.5-беренесинин 2-бөлүгү (“Террордук уюмдун ишин уюштуруу жана мындай уюмдун иш-аракеттерине катышуу”) менен шектелип, 20-сентябрга чейин камакта болушат.
Алар Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалган. Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, кармалгандар Россияда жана Кыргызстанда тыюу салынган “Түркстан Ислам партиясынын” террордук уюмуна таандык.
Алар 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ