Бүгүн, 15-октябрга карата Кыргызстанда дагы 388 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 59, Ош шаарынан – 55, Чүй облусунан – 19, Ош облусунан – 19, Талас облусунан – 16, Ысык-Көл облусунан – 19, Жалал-Абад облусунан – 86, Баткен облусунан – 83 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 50 589га жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 196 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 45 080ге жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 17 адам; Чүй облусунан – 12, Ош шаарынан – 20, Ош облусунан – 40, Жалал-Абад облусунан – 62, Баткен облусунан – 32, Ысык-Көл облусунан – 12.
Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондордун жаңы 5 учуру: Бишкек шаарынан – 1, Ош облусунан – 2, Баткен облусунан – 2 катталды. Жалпысынан каза болгондордун саны 1099га жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ