Жакынкы күндөрү өкмөт дүйнөнүн 67 өлкөсүнүн жарандары үчүн милдеттүү түрдө каттоодон өтүү нормасын жоет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын маалыматы боюнча Каттоо кызматы 11-ноябрда 67 өлкөнүн жарандарына өлкөнүн аймагында 30 күн каттоосуз жүрүүгө уруксат берген токтом долбоорун өкмөткө киргизген. Учурда документ министрликтер менен мекемелерде макулдашуудан өтүп жатат. Өкмөт токтомду жакынкы күндөрү жактырары күтүлүүдө.
Жергиликтүү ММКлардын маалыматы боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары Камчыбек Акишев Жогорку Кеңештеги эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук иштери боюнча комитет жыйынында документ ушул жумада кабыл алынарын билдирди.
2016-жылдын 4-ноябрынан тарта Кыргызстанда 5 күндөн ашык жүргөн бардык чет өлкөлүк жарандар милдеттүү түрдө каттоодон өтүүлөрү керек. Эреже бузгандарга 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.
Чет өлкөлүк жарандарды каттоо Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо органдары тарабынан жашаган жерлери боюнча ишке ашырылат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ