Menu

Кыргызстан сулуусу — Милан

Бөлүшүү:

«Мисс Кыргызстан- 2016» сынагынын жеңүүчүсү ар тараптуу адам. Кызыктуу китептерге, ди-джейликке кызыгат. Кыргызстандын 2016-жылдагы расмий сулуусу бизде мейманда болуп, сулуулук, жигиттеги сапаттар жана 2017-жылы өзү катышчу “Аалам сулуусу” сынагы тууралуу маек куруп берди.

Милан, учурда эмне иш кылып жатасың?

Азыр жумуш абдан көп. Биринчиден, 2017-жылы жарыкка чыкчу тасмага тартылып жатам, азыр кинонун бир аз гана жерлери тартылды. Бирок мага өзүмдү актриса катары да сынап көрүп атканым жагып жатат. Экинчиден, 2017-жылдын “Аалам сулуусу” сынагына даярдык көрүүдөмүн. Бул жерде Кыргызстандын намысын коргойм, жоопкерчилик өтө чоң.

Даярданып жатсаң өзүңө өзгөчө кам көрүп аткан экенсиң да. Диета кармайсыңбы?

Атайын бир тамактануу режимим жок. Болгону табигый таза жана пайдалуу тамактарды жегенге аракет кылам. Ошондой эле сууну көп ичем.

Өзүңө буга чейинки кайсы образың абдан жагат?

“100 жылдагы кыргыз сулуулугу” долбоорундагы бардык образдарымды жакшы көрөм. Ал жерде акыркы 100 жыл ичинде кыргыз аялдарынын сулуулугунда жана модада болгон өзгөрүүлөр көрсөтүлгөн. Ошондой эле, жакында мен индустардын улуттук костюмун кийип фотосессияга катышканы жатам. Ал дагы кызыктуу болот окшойт.

Адам жашабаган аралга барасың десе, өзүң менен чогуу эмнени ала кетет элең? 8

Кызыктуу китеп, бычак анан тарак (күлүп).

Кайсы чыгарманы өз жашооңдун саундтреги деп эсептейсиң?

Чыгармалар кырдаалга, маанайга жараша бат-баттан өзгөрүп турат. Учурдагы абалым Джон Леннондун “Imagine” атуу ырына куп келишип турат.

Сага өзүңдүн мекениң жагабы? Негизи эле Кыргызстанга өнүгүп-өсүүгө эмне жетишпей жатат деп ойлойсуң?

Мен Кыргызстанды чексиз сүйөм! Өз мекениңде жашоого эмне жетсин? Бирок оңдой турган, аракет кылчу жагдайларыбыз көп. Бизге бул же тигил жетпейт деп ар тармакка аралашып, жагымсыз жагдай жараткым келбейт. Мен өзүм ишмердүүлүк кылып жаткан сулуулук жана мода индустриясы боюнча Кыргызстандын  кадыр-баркын көтөрүш үчүн колумдан келген аракетимди кылам. Башкалар өз тармактары боюнча салым кошсун.

Тажрыйбалуу  моделде кандай сапаттар болушу шарт?

Кадимки стандарттык моделдер боюнча айтсам, негизгиси келбетиң, дене боюң төп келишип, сүрөткө түшкөндү, подиумда туура басууну билишиң керек. Ошондой эле, эл менен тил  табыша билүү дагы маанилүү. Ал эми башкалардан өзгөчөлөнүп турам десең, албетте харизмаң болушу зарыл.

Моделдик чөйрөдө жүрүп  жашоого кандай тажрыйба топтодум деп ойлойсуң?

Бул чөйрөдөн өзүмө табылга катары таанышкан адамдарымды айта алам. Эң жакшысы, кызыктуу, чыгармачыл, дүйнөтаанымы өзгөчө адамдар бар. Мен алар менен таанышып, достошуп, байланышып жүргөнүмө тагдырга ыраазымын.

Жигиттерден кайсы сапаттарды баалайсың?993507_913064875457094_1399784854551855277_n

Кадимки эле кыздардын баарына жакчу күчтүүлүк, акылдуулук, адилеттүүлүк, туруктуулук, өзүнө ишенимдүүлүк  сыяктуу сапаттар. Эң негизгиси, чыныгы эркек майдаланбаса болгону.

Акыркы жылдарда коомдо эркек менен аялдын ролу алмашып батканына нааразы болгондор бар. Сенин көз карашың кандай?

Менимче ролдорубуз алмашып баратат деген туура эмес, болгону аялдар эркектерден көз карандысыз болуп баратат. Азыркы аялдардын укуктары менен катар өзүн инсан катары калыптандырууга мүмкүнчүлүктөрү көбөйдү. Бул эмне, жакшы эмеспи? Азыр бизге, аялдарга, жашоо тандоо мүмкүнчүлүгүн берип атат. Болгону аялдар өзүбүздүн күчтүү боло аларыбызды билип, бирок аялзатына тиешелүү алсыздыгыбызды, назиктигибизди сактап калганыбыз туура деп ойлойм. Мен гендердик теңчиликти колдойм.

Накинай Исраилова 

Булак: Де-Факто 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: