7-8-9-10-ноябрда кыргызстандыктар эс алууга тийиш. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы 14-октябрда эле билдирип, себебин да түшүндүргөн. Бүгүн биз ошону кайталап коелу деп атабыз. Себеби, эртеңден баштап мамлекеттик кызматтар иштебейт.
7-8 –ноябрь – Кыргызстан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күн. 7-8-ноябрь төртүнчү жана бешинчи күндөргө туш келсе, 9-10-ноябрь – дем алыш күн болуп калды. Ошентип, кыргызстандыктар эртеңден баштап 4 күн эс алат.
Эс сала кетсек, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү катары расмий майрам кылып, ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев атайын жарлыкка кол койгон. Жарлыкта 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрөлүшү, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революциялары, ошондой эле ХХ кылымдагы саясый репрессиялардын курмандыктары айтылган.
Бүгүн, 6-ноябрда Ош шаарында тарыхый инсандар эскерилди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ