Menu

ХХI кылымдагы кыргыз урууларынын арасындагы тенденциялар: эми Мунгуш уруусу курултай өткөрдү

Бөлүшүү:

Быйыл Кыргызстандын саясат айдыңында кайрадан кыргыз урууларынын саясый  жандануусу байкалды. Алгач Чүйдү жердеген Солто уруусунун бир бөлүгү экс-премер-министр Темир Сариев баштаган мыкчыгерлери менен “Ала-Тоо” ашканасында “шайлоо алдында ынтымактуу бололу” деп курултай өткөрүп жатканда Солто уруусунун экинчи бир уюму келип “солтону экиге бөлбөгүлө!” деп жаңжал салышканын видеотасмасы менен кошо жарыялаганбыз.

Андан кийин Чүй менен Алайды жердеген Адигиненин тукумдары – Мөнөктөр уруусу экс-спикер Медеткан Шеримкулов, экс-министр Аргынбек Малабаев курултай өткөрүшүп, “ынтымактуу бололу” деп “Улуу журт” саясый партиясын түзүшүп, шайлоого даярдана башташканын жаздык эле.

Эми Алайдын Ак-Босого аймагында Тагай, Адигине аталарыбыздын бир тууганы Наалы эжебизден тараган Мунгуш уруусунун мыкчыгерлери курултай өткөргөнү белгилүү болду. Мунгуштардын бүткүл дүйнөлүк курултайына КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Искендербек Гаипкулов, Алиярбек Абжалиев, Искендер Матраимов, КР Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев, КР Статистика “министри” Акылбек Султанов, КР Салык “министри” Кабылбек Абдалиев, экс-министр Арзыбек Кожошев, экс-министр жана КР Өкмөтүнүн парламенттеги расмий өкүлү Азимжан Абытов активдүү катышышып,  мунгуштарды ынтымакка чакырган жалындуу сөздөрүн айтышкан. Ылайым эле тилектери ишке ашып, ынтымактуу болушсун.

Кыскасы ХХI кылымдагы кыргыз уруулары кайрадан шайлоолорго, улуу жүрүштөргө, улуу кутумдарга даярдана башташты…

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: