Орто-Сай айылындагы унаа жарылуусунан жараат алган Башкы прокуратуранын ага прокурору Эркин Курманалиевге операция жасалды. Бул тууралуу Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди.
Маалыматка ылайык, жарылуудан прокурордун колу билегинен үзүлүп кеткен. Жумабеков учурда анын абалы оор экенин жана көп кан жоготконун айтты.
Эске салсак, бүгүн эртең менен Аламүдүн районундагы Орто-Сай айылында Башкы прокуратуранын ага прокурору Эркин Курманалиевге таандык унаанын жарылган. Жарылуу болгон жерде милиция жана коопсуздук кызматкерлери иштеп жатышат.
Эркин Курманалиев Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн ага прокурору экенин аталган органдан тастыкташты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ