Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун башкы имам-хатиби болуп Дастан ажы Мамаев дайындалды. Бул боюнча тиешелүү буйрукка бүгүн Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев кол койду. Аталган буйрукка ылайык Дастан ажы Мамаевге Кара-Кулжа районудагы 52 мечит, 1 медресенин үстүнөн жетектөө жана район аймагында Ислам дининин баалуулуктарын жайылтып, өнүктүрүү милдети жүктөлдү.
Дастан Мамаев буга чейин Кара-Кулжа районунун башкы имам-хатибинин орун басары болуп иштеп келген. Дастан Мамаев 1978-жылы Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылында төрөлгөн. Диний билими катары Оштогу “Абдыжапар” атындагы Ислам институтунда “Имам-Хатиб” адистигин жана Чүй облусундагы “Расул Акрам” атындагы Ислам институтунда араб тили адистиги боюнча бүтүргөн. Мындан сырткары 2015-жылы Түркия мамлекетинин Бурса шаарындагы “Диянет” фондунун Имамдык курсунда окуган. Үй-бүлөлүү. 8 баланын атасы.
Эскерте кетсек, буга чейин Кара-Кулжа районунун башкы имам-хатиби болуп Анарбек ажы Жусупов иштеп келген жана ал ушул айда Кувейт мамлекетинин “Табарак” фондунун Кыргызстандагы директору болуп дайындалгандыгына байланыштуу кызматын тапшырган болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ