Menu

“Мегаком” кайрадан сатыкка чыгарылат

Бөлүшүү:

“Мегаком” деген аталыш менен таанылган “Альфа Телеком” уюлдук байланыш компаниясынын 100 пайыз акциясы кайрадан сатыкка чыгарылат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун бөлүм башчысы Бакытбек Мураталиев кабарлады.

Анын айтымында, “Мегакомдун” баштапкы наркы мурдагыдай эле 19 млрд 7 млн сом бойдон калууда. Кызыккан тараптар алгач жалпы баанын он пайызын атайын эсепке которуусу зарыл.

Буга чейин ишкананы сатып алууну каалоочулар чыкпай койгондуктан аукцион артка жылдырылган. Өкмөт түшкөн каражатка жолдор оңдолуп жана салына тургандыгын билдирген.

“Альфа Телеком” 2009-жылы түзүлгөн. Компаниянын жетекчиси Алексей Елисеев болгон. 2010-жылы Убактылуу өкмөт ишкананын 49% акциясын улутташтырган. Ал эми 2014-жылы мамлекетке компаниянын 100% акциясы толугу менен өткөн.

“Мегакомдун” абоненттеринин саны 2,5 миллионду түзөт. Оператор мобилдик байланыш менен өлкөнүн 90% пайыз аймагын камсыздайт. Таза кирешеси жылына 2 миллиард сомго жетет. Бирок Экономика министрлиги компания атаандаштыкка чыдабай банкротко учурашы мүмкүн экендигин эскертет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: