Бүгүн, 26-сентябрда КР Тышкы иштер экс-министри Аликбек Жекшенкулов интервью берип, эмне үчүн Темир Сариевди президенттикке колдоочулардын командасынан 7 адам кетишкендигин айтып берди.
“Биз алгач Темир Сариев менен сүйлөшүп, аны колдоонун шарттарын макулдашып алып баштаганбыз. Бирок жакында Темир Сариев Сокулукта шайлоочулар менен жолугушканда “Мен Атамбаевдин жолун жолдойм” десе болобу. Биз Атамбаевдин жолун жолдоону каалабайбыз, биз жаңы жолду, өзгөрүүнү каалайбыз. Атамбаевдин учурунда экономика оңолдубу? Сот адилеттиги орнодубу? Эч бир өзгөрүү болгон жок. Ошондуктан биз Темир Сариевдин командасын таштап кеттик”, – деп билдирди экс-министр Аликбек Жекшенкулов.
https://www.youtube.com/watch?v=7dBX8WVravA&feature=youtu.be
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видео: “Азаттык”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ