Menu

Элкинбек Аширбаев, Чүй облусунун губернаторунун орун басары: “Калкты көмүр менен камсыз кылуу жагынан көйгөй жаралбайт”

Бөлүшүү:

– Элкинбек Токтогонович, облуста кышка карата даярдык кандай?

– Бүгүнкү күндө бизде 324 мектеп, 252 бала бакча болсо, алардын 98 пайызы көмүр менен камсыз болду. Андан тышкары, саламаттык сактоо, маданият мекемелери да толугу менен камсыздалды. Баардык мекемелерде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Ал эми калкты көмүр менен камсыз кылуу боюнча айтсам, бизге жалпы 318 миң тонна керектелет. Баардык райондордо көмүр кампалары ачылган. Учурда 65 пайыз эл көмүр алышты. Андыктан, көмүр менен камсыздоодо эч кандай көйгөй жаралбайт.

-Көмүрдүн баасы канчадан болууда?

– 3800 сомдон 5000 сомго чейин болуп жатат. Бул жол киресин кошкондо. Аба ырайы өзгөрүшү менен баа бир аз көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Бирок, атаандашуунун негизинде бааны кармап турганга мүмкүнчүлүк болот.

– Быйыл Чүйдө буудайдын түшүмү кандай болду? Себеби, акыркы күндөрү «ун кымбаттайт экен» деп ажиотаж болууда.

– Буудайдын түшүмү жылдагыдай эле деңгээлде. Бирок, биз өзүбүздүн түшүм менен элди толук кандуу камсыз кыла албайбыз. Кандайдыр бир бөлүгүн Казакстандан алабыз. Азыр райондорго бөлүнгөн квота боюнча мамлекеттик резервди толтуруу жагынан иштер жүрүп жатат. Албетте, рынок болгондон кийин кээ бирөөлөр чайкоочулук жолу менен бааны көтөрүшү мүмкүн. Бирок, монополияга каршы күрөшүү боюнча комитет менен бирдикте ага бөгөт коюу боюнча да иш-аракеттерди жүргүзөбүз.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: