Кыргызстандын аймагында эртеңден баштап аба ырайы бузулат. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда “Кыргызгидромед” борбору билдирди.
Алардын айтымында, 21-24-ноябрда маал-маалы менен жаан, кар жаайт. Жолдор тайгак болуп, зымдарга жана бактарга кар жармашат. 21-27-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөп, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25 гардус болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бишкекте жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3°, күндүз 1…3° градус болот.
Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3;
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 2…7;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;
Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8 градус болот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ