Бул тууралуу 21-ноябрда ЖК депутаты Зиядин Жамалдинов (“Өнүгүү-Прогресс”) парламент жыйынында билдирди. Ал ун менен көмүрдү мисал келтирди.
“Кыш келди, көмүргө болгон баа өсүп жатат. Муну көзөмөлдөбөй калышты. Мисалы, Ош шаарында тоннасы 5 миң сомдон 6800 сомго чейин барууда, Ош облусу боюнча – 2300-7000 сом, Бишкекте – 3400-3900 сом, Көлдө – 5800 сом, Жалал-Абадда – 6500 сом. Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттап жатат, шашылыш бааларды көзөмөлдөш керек”, – деди ал.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ