Кыргызстанда 2019-жылдын январь-сентябрдын аралыгында 15 млрд 808,3 млн сомго азык-түлүк чыгарылган. Бул тууралуу 7-ноябрда айыл-чарба министрлиги билдирди.
Былтыр ушул эле аралыкта азык-түлүк 15 млрд 450,9 млн сомго өндүрүлгөн.
Ал жашылча-жемиштерди кайра иштетүү, консервалоо боюнча 9 айда 304 млн сомду түздү. Бул – 3 миң 981,4 тонна. Былтыр бул аралыкта 1867 млн сомду түзгөн.
Ошондой эле 9 айдын ичинде 6 млн 138,1 миң литр жашылча-жемиш ширеси чыгарылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ