2017-жылдын 3-ноябрь күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Лебединовка айылынын М.А. аттуу 34 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, 2-ноябрда ири мүйүздүү бодо малын уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүүлөрүн суранган. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыштын изин суутпай Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринде жашаган 44 жаштагы Н.Р. аттуу тургун кармалган. Кармалган жаранга карата сот тарабынан Бишкек шаарынын №1 абагына кармоо чечими чыккан.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ