Menu

Өлкө боюнча 50 китепкананын базасында баланы өнүктүрүү борборлору ачылат

Бөлүшүү:

Өлкө боюнча 50 китепкананын базасында баланы өнүктүрүү борборлору ачылат. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Аталган чечим мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүк шарттарын кеңейтүү жана мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүү максатында кабыл алынган.

Аталган өнүктүрүү борборлорундагы билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын пландары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 363 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: