Атамбаевдин арты менен Жогорку Кенешке депутат болгондор ачык эле сатып кетишти. Алардын чыныгы жүздөрү Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алууда ачык билинди. Баарына күнөөлүү Атамбаев өзү. Икрамдын тилине кирип, тизме түзгөн депутаттарынын кебетеси бул болду. Дайындаган кадрлары тигил болду. Учурда СДПКчылардын баарысы жүздөрүн тетири буруп кетип жатышат. Алмаз Шаршеновичти сатпаган бирин-экин эле адамдар калды. Эми Сооронбай мырза айланасына ишеничтүү адамдарды чогултса экен. Атамбаевден кийин жакшы эле сабак алгыдай болду.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ