“Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагына баруучу автоунаа жолундагы, Ак-Терек ашуусунун чек арасында делимитация жана демаркация жумуштары болбогон, такталбаган участкада Өзбекстан тарап, биздин авто унаа жолуна 50 метр жакын жерде 2 күндөн бери курулуш иштери жүрүп жатат! Аны көзөмөлдөгөн бир мамлекеттик өкүл жок”, – деп билдирет Аксыдан ардактуу чек арачы Бакыт Үзөнбаев.
“Айылдык кеңештин депутаттары Давлетов Аскарбек жана Камчыбек уулу Шекербек Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын 1-орун басары Мамбетов Нуртазага кайрылганда ал Чек ара кызматына шылтап, маселени чече алган эмес. Ал эми чек ара кызматы райадминистрациясына шылтаган. Биздин райондо чек ара маселесин караган бир жан барбы?”, – деп суроо салат Бакыт Үзөнбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ