Menu

Япониядагы кыргыз элчиси Мирлан Арстанбаев «Санариптик коомду илгерилетүү» уюмунун төрагасы Сожи Сузуки менен жолугушту

Бөлүшүү:

28-майда Токиодо Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаевдин «Санариптик коомду илгерилетүү» уюмунун төрагасы жана «Smart EcoSystem Co., Ltd» компаниясынын башчысы Сожи Сузуки мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи маектешине 2020-жыл Кыргыз Республикасында «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылы деп жарыялангандыгын маалымдады.

Ушуга байланыштуу, Кыргызстан Япониянын алдыңкы санариптик технологияларын тартууга өзгөчө маани берерин белгиледи.

Өз кезегинде Сузуки мырза бул уюмдун ишмердүүлүгү жана кызматташуу багыттары тууралуу кеңири маалымат берди.  Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын жооптуу органдарынын катышуусу менен видеоконференция уюштурууну макулдашышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: