Бүгүн, 6-октябрда абактан бошотулган Садыр Жапаров аянтка келип, сөз сүйлөдү. Бул тууралуу видеотасма Фейсбук социалдык тармагында түз эфирде чагылдырылды.
Сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров провокацияга алдырбай, элди тарап кетүүгө чакырды.
“Мына 10 жылдан бери акыйкатсыздык менен күрөшүп келдик. Бардыгыңарга маалымат жетти. Мындан 8 жыл мурун ушул жерде митинг уюштуруп, Камчыбек Ташиев экөөбүз камалганбыз. Анда бизде бүгүнкүдөй интернет жок болчу. Акыркы 4-5 жылдан бери активдүү колдонгонуңар үчүн, толук маалыматты алдыңыздар. 2012-жылы бизди камаганда, эл душманы кылып көрсөтүп салган. Акыркы 3 жылда мен маалыматты силерге интернеттин жардамы менен жеткире алдым. Эми ишенсеңиздер, мен көрсөткөн жол менен кеткенге макул болуңуздар.
Эч кимге өлүмдүн кереги жок. Кыргыз эли ынтымак, сабырдуулук менен жеңели бардыгын. Ошондуктан провокацияга алдырбай, үйүңүздөргө тынч тарап кетүүңүздөрдү суранам. Эгерде мен айткан жолго бут тосуулар болсо Фейсбук социалдык тармак аркылуу түз эфирге чыгып, сиздерди чакырам. Ошондо келип берүүңүздөрдү суранам”, – деди Садыр Жапаров.
Андан кийин Камчыбек Ташиев сөз сүйлөдү.
“Урматтуу туугандар! Бардыгыңыздар Садыр Жапаровдун боштондугу үчүн күрөштүңүздөр. Ыраазычылык билдиребиз. Садыр Жапаровдун айткандарына макул болсоңуздар, аны 2 айдан кийин президент кылабыз”, – деди Ташиев.
Чогулган эл бул сөздү колдоп, “Жапаров” деп кыйкырышууда.
https://www.facebook.com/bbcnewskyrgyz/videos/370499640658486/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ