Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери тонналаган таштанды чыгаргандыгын айкындаган видео социалдык тармактарда тарады.
Маалыматка ылайык, 3-кабатта жашаган 80 жаштагы экинчи топтогу майып кемпир 3 бөлмөлүү батирине таштандыларды алып келип жыйнаган. Ал батиринин эшигин көпкө чейин ачкан эмес.
Окуя болгон жерге аймактык милиция кызматкерлери менен “Тазалык” ишканасынын өкүлдөрү келип, батирдин кире беришинен эле эки машина таштанды чыгарышкан. Ишкананын кызматкерлери дагы 8 машина таштанды чыгарын айтышат. Милиция бул иш боюнча жеринде акт түзгөн.
https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/videos/2184607561601687/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ