Таажывирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке 8 миллион 702 миң сом түштү. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта өтүп жаткан брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.
Анын айтымында, “Айыл банк” жана “РСК” банктарында атайын эсеп ачылган.
” Эсепке канча акча которулганы жана топтолгон каражаттар эмнеге жумшалганы боюнча калкка күн сайын ачык маалымат берилип турат. Топтолгон каражатты эмнеге сарптоо керектиги Жогорку Кеңеште талкууланат”, – деди вице-премьер-министр.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ