Кыргыз шоу-бизнесинде үйлөнүү-үлпөт тойлордун парады дагы да болсо уланууда. Бул кубанаарлык албетте. 4-декабрда шоу-бизнестин дагы бир өкүлү, ырчы Жоодарбешимдин үйлөнүү тою болуп өттү. Ырчы мырзанын жаш ырчы достору, жакындары эки жашка бакыт тилеп, салтанаттын көркүн ачышты. Жоодарбешим 5 жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн Аксана аттуу кызга ушул жылдын күз айларында баш кошкон. Аксана жеңил атлетика боюнча Кыргыз өлкөсүнүн бир нече жолку чемпиону. «Келинчегим Аксана дизайнер, модель, спорт чебери, жеңил атлетика боюнча Кыргыз өлкөсүнүн бир нече жолку чемпиону. Чуркоо боюнча 8 жыл машыккан, 30га жакын медалы бар. Аксана мени боорукерлиги, жөнөкөйлүгү, жан дүйнөсүнүн тазалыгы менен тартып алды», – деген Жоодарбешимдин сөзүнөн кийин жубайы «комсомолка, спортсменка анан жөн эле красавица» экен десек жарашчудай.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ