Аз күн мурда Сокенин агасы, Араб өлкөлөрүндөгү Кыргызстандын элчиси Жусуп Шарипов Эркиндик бульварынан Равшан Жээнбековго жолугуп, жылуу маанайда баарлашканы белгилүү болду. Жусуп мырза «Таза шайлоо үчүн» кыймылы Сооронбай Жээнбековду сындабаганына, андагы Роза Отунбаева, Феликс Кулов, Равшан Жээнбеков ж.б. оппозиция лидерлери үкасына каршылык көрсөтпөгөнүнө ыраазы экен. Ал оппозиция менен кызматгашууну да кыйытып өтүптүр. Бул эмнени билдирет? Сыягы, кечээги жана бүгүнкү Алмазбек Атамбаевдин душмандары Сооронбай Жээнбековго катуу каршылашууга өтпөй турганын, кандайдыр бир деңгээлде тил табышуулар болору жең ичинен чечилип аткандай… Ооба да, ит тартыш болуп эле жаатташа тиреше берүүнүн өзү мамлекет үчүн пайда деле алып келбесе керек.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ