Menu

Видео – Жанар Акаев: “Биз дайындаган Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 5 млрд сомго аба жыштыгын уурдап сатып, 4 киши УКМКга камалды”

Бөлүшүү:

“Коронавирус башталгандан бери кыргыз өкмөтү, баарыбыз карайлап каражат таппай, бүт эл аралык каржы институттарынан акча сурап, эптеп бюджеттин кемин жабуунун аракетин өкмөт көрүп жатат. Азыр Кыргызстанда 2 үй бүлө бир нанды жеп олтурган учур. Ошол эле убакта бизде азыр коррупцияга каршы күрөштү башкы ураан катары колдонуп жүрөбүз”, – деп билдирди бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Жанар Акаев.

“Күч органдарынын, президенттин өкүлүнүн, өкмөттүн өкүлүн көнүлүн бир нерсеге бургум келет. Мындан бир аз убакыт мурун Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчиси Черногубова камакка алынды. Коррупциялык ири иштерге шектелип. Андан кийин Улуттук коопсуздук кызматынын бир башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Ал менен кошо дагы бир кызматкери камалды. Өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери да ушул маселе боюнча бүгүнкү күндө сурак берип жатышат. Бул жерде өтө ири сумма жөнүндө сөз болуп жатат. Ошондуктан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн бул ишке катыштыгы жок экенин сөзсүз далилдеш керек. Бул премьер-министрге чоң жардам болот. Эгер катыштыгы болсо ал түздөн-түз жооп бериши керек”, – деди Жанар Акаев.

“Буга чейин “Ала-ТВ” деген болгон, ал жакында 200 мегагерц өзүнүн жыштыгы менен кошо “Билайн” компаниясына сатылган. Алып-сатуу келишими болгон. Бирок ошол “Ала-ТВ” телевизиондук кабелге гана ыңгайлашкан. Ал жерде жыштык телевидение үчүн гана. Муну “Ала-ТВ” компаниясы “Билайн” компаниясына 1 млн 800 миң долларга сатып жатат. “Билайн” биздин мамлекеттик байланыш агенттиги аркылуу ошол 200 мегагерц жыйштыгы менен кошо телевидениеге деп багытталган жыштыкты 4G интернеттүү мобилдүү байланышка ылайыктап, ана кайра каттап жатат. 2015-жылы 15 мегагерц 1,5 миллиард сомго сатылган. Долларга айлантканда 25 миллион долларга сатылган. Аукцион менен конкурс менен. Азыркы премьер-министрдин тушунда 200 мегагерц жыштык 700 сомго кетип жатат. 15 мегагерц 25 млн долларга сатылса, азыр 200 мегагерц бекер кетип жатат. Менде Мамлекеттик байланыш комитетинин жашыруун каты турат. Ошол кезде өкмөткө жазып жатат: бул келишим – кайра каттоо мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келет. Бул жерде бюджетке миллиарддаган акча зыян келет. Биз бул 200 мегагерцтен бюджеттин чоң кемтигин толтурсак болот. Ошондуктан биз мындай кадамга барбашыбыз керек деп өкмөткө кат берип жатат. Бирок ошого карабастан мыйзамды бузуп, эч кандай аукцион, конкурс кылбай туруп булар Казакстандык компанияга өткөрүп берип жатышат. Ага чейин дагы бир 900 миллион доллардык жыштыкты булар 1 миң сомго сатып жиберишкен. Бул мен ойлоп чыгарган эмес, мына, УКМКнын кагазында турган маалымат. Мамллллллекет ушул жыштыктардан 5 миллиард сомго зыян тартып жатат. Бул иш премьер-министрдин уруксаты жок болбойт. Укук коргоо органдары тез арада киришип, бул ишке премьер-министрдин тиешеси бар же жок экенин далилдеш керек. УКМКдан суранат элем, Казакстандын эң ири сотовый компаниясынын оң колу келип, премьер-министрге жолуккан. Азыркы биз тандаган өкмөт абаны сатып, уурулук кылып жатат. УКМКга 4 киши камакка алынды”, – деди Жанар Акаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: