Menu

Кубан Чороев президенттик шайлоого талапкер катары катталбай калгандыгына байланыштуу Жогорку сотко кайрылды

Бөлүшүү:

Кезексиз президенттик шайлоого катышам деп, Борбордук шайлоо комиссиясы, ошондой эле Бишкек шаарынын административдик соту баш тарткан Кубан Чороев Жогорку сотко кассациялык даттануу жөнөттү. Бул тууралуу ал өзү журналисттерге билдирди.

Эскерте кетсек, 7-декабрда президенттикке талапкерлердин кол топтоо баракчаларын текшерип жаткан БШКнын жумушчу тобу Кубан Чороевди шайлоо жарышынан четтетүү чечимин кабыл алышкан. Кубан Чороев кол топтош үчүн баракчаларды басып чыгарууга акча төлөбөй туруп кол топтой баштаган. Анын кол топтоо баракчалары жараксыз деп табылганы белгилүү болгон.

БШК тарабынан жарыштан четтетилген Кубан Чороев Бишкек шаарынын административдик сотуна доо арыз менен кайрылган. Бишкек административдик соту 12-декабрда Чороевдин доо арызын канааттандырган жок.

“Мен Жогорку сотко кассациялык даттануу бердим, 14-декабрда мени БШКга чакырышты. Алар мага каттоонун акыркы күнү экенин түшүндүрүп, каттабайбыз дешти. Бирок Жогорку сот менин пайдама чечсе, БШК чечимин өзгөртөт”, – деди ал.

Эске салсак, БШК президенттикке 18 талапкерди каттады. Үгүт иштери бүгүн, 15-декабрда башталды. Ал эми президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: