Menu

Экс-мэрлердин сотунда кимге тез жардам чакырылды?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-ноябрда УКМКнын тергөө абагында отурушкан Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун кезектеги сот отуруму Ленин райондук сотунда уланууда. Соттун жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш мамлекеттик-жеке башкаруунун мурдагы башчысы Сталбек Өмүрканов өзүн жаман сезип, ага тез жардам чакырылды.

Эске сала кетсек, К.Кулматов «Бишкектеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга бөлүнгөн 2 миллион долларды максатсыз пайдаланып, жемкорлукка барган» деген айып менен камакта отурат. Ал эми А. Ибраимов «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айып менен соттолууда. Бирок, экөө тең мындай айыпты четке кагып келишет.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: