Menu

Тажикстанда бир жылда 20 имам-хатиб камалды

Бөлүшүү:

Согди облусундагы мечит имамдарын кармоо иштери ушул жылдын жазында башталган. Бүгүнкү күнгө чейин тыюу салынган «Мусулман агайындар» уюмуна тиешеси бар 20 чакты дин кызматкери соттун чечими менен камалды.

Анткен менен кармалгандардын адвокаттары имамдар болгону башкаларды исламга үндөп, тынчтык чакырыктар аркылуу өлкөдөгү динге ишенгендердин санын көбөйтүүнү каалагандыктарын билдиришүүдө.

Дин ишмерлери өлкө аймагында 2006-жылдан бери тыюу салынган «Мусулман агайындар» уюмуна мүчө болгон деген айып менен кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан. Бийлик имам-хатибдердин кармалышын Тажикстандын мамлекеттик түзүлүшүнө коркунуч жараткан экстремисттик топторго, анын ичинде «Мусулман агайындар» уюмуна тиешеси бар дин кызматкерлеринин катарын тазалоо менен түшүндүрүүдө. Бийлик ханафи мазхабынын эрежелерин өзгөрткүсү келген диний лидерлер тажик коомунда болбошу керектигин белгиледи.

Укук коргоочулар имам-хатибдерге тагылган айыптоолор далилденбегенин билдиришүүдө. Сот жообуна тартылып жаткандар болгону «Мусулман агайындар» уюмуна мүчө экендиктерин гана моюндарына алышкан. Айтымдарында, алар акыркы күндөргө чейин өз дини жана ханафит мазхабын жактап келишкен.

Тажикстанда «Мусулман агайындар» тобунун ишмердүүлүгүнө 2006-жылы тыюу салынган, бирок быйылкыга чейин аталган уюмга мүчө болгон деген айып менен камалгандар тууралуу билдирүүлөр өтө сейрек болуп келген. «Мусулман агайындар» – 1928-жылы Египетте негизделген эл аралык диний-саясий уюм. Ал көптөгөн өлкөлөрдө террористтик уюм деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: