Бүгүн, 3-декабрда, Бишкектеги “Домас” отелинде «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин «Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу» аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Ага экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары, мурдагы премьер-министр Темир Сариев, «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов жана коомдук ишмерлер катышты. Анда Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп, “башыма оор кыйынчылыктар түшкөндө, ар кимиңер, ар кандай формада колдоп келдиңер”,- деп ыраазычылыгын билдирип, төрт бөлүктөн турган сөзүн баштады.
«Мен түрмөдө жатып «мен түрмөдөмүн. Ушуну айтсам мага зыяны тийип калат го» деп айтсам ошол ойлорду, ошол пикирди Elgezit.kg суроосуна кошуп коюп жатты. Кээ бир убакта жоопко караганда суроо көп нерсени айтат. Суроо баарын аныктап коёт. Жооп жөн гана нерсе болуп калат. Ошондуктан бул диалог бир гана адамдын эмес, бирге жасалган эмгек болду. Диалогдо мен өткөн күндөрдү көп эстедим. Өткөндө бирөө: «Кимди көп эстедиң?» деп сурады. Берген интервьюларымды карасам мен Атамбаевди көп эстептирмин. Бул китепте жакынкы тарых, демек Алмазбек Атамбаев тууралуу сөз болот”,- деди Ө.Текебаев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ