АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын согуштук кемелеринин деңизде ээн-эркин жүрүшүнө бөгөт коюу үчүн аскердик деңиз флотуна ок атууга буйрук бергенин билдирди.
Трамп “Твиттерге”: “Мен АКШнын аскердик деңиз флотуна эгер Ирандын канонердик кайыктары деңизде биздин кемелерге тоскоолдук жаратса, ок атып жок кылууга буйрук бердим”, – деп жазды.
Өткөн аптада Перс булуңунда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кемелери америкалык кемелерге жакындап, опурталдуу маневрларды жасашкан.
Жыл башында Ирандын таасирдүү командири Касем Сулейманини америкалык учкучсуз учактар өлтүргөндөн кийин Тегеран менен Вашингтондун ортосунда чыңалуу күчөгөн.
Шаршембиде Иран өлкө тарыхында биринчи жолу космоско аскердик жандооч учурганын жарыялаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ