Menu

«Пансофтун купуя сыры» китеби жарык көрдү

Бөлүшүү:

«Сулуулар жана миллион», «Көк салкын», «Кок салкын-2» жана «Тайэне» аттуу кинотасмалардын көркүн ачкан, толмочунан келген айым көп кишинин көңүлүн бурса керек. Кезинде Айжан «Сулуулар жана миллион» тасмасындагы ролу үчүн «Ак илбирс» киносыйлыгы тарабынан «Аялдын эң мыкты ролу» номинациясын жеңип алган. Бүгүнкү каарман – актрисалыкка кадам таштап, келечекте талантын калем менен сынап көргүсү келген Айжана Мырсан (Жусупова).

— Айжан, «Пансофтун купуя сыры» деген аталыштагы жарык көргөн китебиңиз тууралуу айтып өтсөңүз?

—Жаңы жарык көргөн бул мистикалык роман туруктуу достук туралуу баяндалат. Америкадан Кыргызстанга эс алууга келген үч жаш жигит аңчылыка чыгышат. Бул жерде алар жергиликтүү калк менен жакындан таанышып, достошууга үлгүрүшөт. Китепте каармандар Шамбала аттуу сыйкыр өлкөгө туш болуп, аларды сүйүү, жоготуу жана үмүт коштойт.

—Кайсы курактан баштап чыгарма жазууга ыктадыңыз?

—20 жашымдан баштап маалымат булактарына анча-мынча жазып жүргөм. Аталган чыгарманы төрт жыл аралыгында аягына чыктым. Бул китепти жазып баштаганымда туулган жерден ыраакта жашачумун. Ошондуктан чыгармада Ата Мекенге болгон куса, сүйүү байкалат.

— Сизге эмне эргүү берип, чыгарма жаратууга түртөт?

—Мага бизди курчап турган айлана-чөйрө эргүү берет. Учурдагы адам баласынын жаратылышка жасаган мамилеси, бири-бирине кылган кайдыгерлиги мени ойлондурат. Китеп аркылуу окурмандарга кантип өзүбүздү өзүбүз оңдоп, коомду өзгөртө аларыбыз тууралуу айткым келген. Андыктан баары кеч боло электе ойлон, адамзат, баары өз колубузда демекчимин.

—Китеп канча тираж менен жарык көрдү?

—Китеп ачылыш аземине арналып 300дөй чыккан, учурда баары сатылып бүттү. Буюрса дагы 5000дей экземпляр басылууда, жакында сатыкка чыгат. Алдыда дагы бул чыгарма кыргыз жана англис тилдерине которулат.

—Кандай аудиторияга арналат?

—Аталган мистикалык романда бардык жанрлар камтылгандыктан жаш-кары, аял-эркектин баарына кызык деп ойлойм.

—Учурда эмне менен алексиз?      

—Азыр эки китептин үстүндө кызуу иштөөдөмүн. Биринчиси кызыктуу, курч окуяларды камтып, авантюристтик духта болсо, экинчиси бир үй-бүлөнүн жашоосун баяндайт. Баары Кыргызстан жөнүндө.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: