Menu

8 жылдан бери бүтпөгөн Военно-Антоновка мектебин куруп жаткан “Строй ТЭКС” компаниясынын гендиректоруна ошол эле ишкананын прорабынын ачык каты

Бөлүшүү:

Урматтуу Алмазбек Догдурбекович!!!

Сиз бул ачык катка болгон оюңузду билдирип койсонуз? Бир тараптуу болбосун үчүн ММКага кошо жарыя кылалы,

Эл эмне дейт?

Сентябрь да ортологон күн. Жаш бөбөктөр көптөн бери чыдамсыздык менен  күтүп жатышкан  күн. Ушул күнү Кыргыздын учугун улап, туусун көтөруп, намысын  коргоп, ”Кыргыз” деген улут бар экенин бүт дүйнө жүзүнө  таанытаар, болочок саясатчылар,илимпоздор,академиктер, спортсмендер алгачкы жолу мектеп босогосун атташат. Бирок, ушул келечек муундарга  татыктуу билим берүүгө биздин өкмөт даярбы?-деген суроо туулат. Жыл сайын өкмөт башчылары жаңы заманбап мектеп куруп беребиз-дешип тил эмгизип келишчү. Бирок, майнап чыкпай келет. Себеби эмнеде? Жооп өтө эле жөнөкөй. Өкмөт тарабынан чынында эле кээ бир мектептер каржыланып келе жатат. Тажрыйбалуу.Техникалары жетишкен. Кесипкөй жумушчулары, билимдүү адистери  бар курулуш мекемелери  иш жүргүзгөн мектептер өз мөөнөтүндө арзан жана сапаттуу эксплуатацияга берилип келе жатканын соц.сеттерден окуп калабыз. Ал эми курулушта тажрыбасы жокко эсе. Техникасы эле эмес кетмен, күрөгу жок. Кесипкөй жумушчуларга акчасын төлөгүсү келбей, көчөдөн кармап келип, күнүмдүк акысын төлөп, жоопту курулуш иштерине жалдаган курулуш компаниялары да жок эмес. Күнүмдүк иштеген кишиде жоопкерчилик кайдан болсун?! Мына ошолордун бири “ОсОО Строй ТЭКС” компаниясы. Генеральный директору Кыдыров Алмазбек Догдурбекович. Кулактандырууда “Альфа курулуш-деп жүрөт.

Бул  компания куруп жаткан  Военно-Антоновка  айылындагы 700 окуучуга ылайыкталган мектепке быйыл 8 жылдан ашат. 8-жылда 19 прораб алмаштырылган. Военно-Антоновканын жашоочуларынын айтымына караганда мектеп курулуп жаткандан бери Өкмөт башчысы 2 жолу келип “бутуртөм”-деп убада берип кетишкен. Учурда 125 миллион сом которулган деген имиш жүрүп жатат. (Тендер боюнча 170миллион сом). Ал акча кайда кеткенин,курулуш иштери эмнеге бүтпөй жатканын текшерген эч ким жок. (Тактап айтканда текшеришкен. Бирок, жыйынтыгы жок. А.Кыдыровдун колдогон кожосу күчтүү-дешет). Ага салыштырмалуу  Казакстандын президенти курдурган мектеп 80 миллион сомго бүткөн деген кеп бар. Беловодское айыл өкмөтүндөгү ушундай эле мектеп 120 миллион сомго бүтүп, эксплуатацияга берилгени турат. (Заказчиги ушул эле Чүй облустук капиталдык курулуш башкармасы) Эң таң калыштуусу эки мектептин айырмасын билип турушуп көз жумуп коюшканында.Ал эми бул айтылып жаткан мектептин ушул күнгө чейин курулуп бүткөн иштерин оңдоп түзөөгө эле дагы бир топ каражат сарпталат.( Айрым адистердин айтымына  караганда мектепти под “нож”эксковатора кетирсе арзан түшмөк.

Сапаты боюнча менде видеозапись бар). А.Кыдыров мындан башка дагы капиталдык курулушка эле 30 миллион сомдон  ашык сурап жатат деген кеп бар. Бул, мектеп 200 миллион сомдон ашык турат дегенди кулак кагыш кылат. Учурда Чүй облустук капиталдык курулуш башкармасы жана Мамэкотехинспекциясы тарабынан текшерүү комиссиясы түзүлүп жатат деген имиш бар. Бирок, белгизсиз себептер менен комиссия ишин улам жылдырып жатат. Себеби, ошол эле ОсОО “СтройТЭКС” тин кызматчыларынын айтымына караганда А.Кыдыров ар бир комиссиянын мүчөсү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө дешет. Азыр компания курулуш ишин жүргүзүүгө уруксат кагазы  жок эле иштеп жатат. Эң өкүнүчтүүсү ушул эле компания Ысык көл облусунун Жети Өгуз районуна караштуу Дархан айылындагы  мектепти куруп баштаганы.  “Мурунку көч кайда көчсө, кийинки көч ошол жакка көчөт” дегендей, бул мектеп да 10 жылда курулуп бүтөөрүнө ОсОО Строй ТЭКС” кепилдик бере албайт шекилдүү.  Эми Көлдүк туугандар да Военно-Антоновкалыктардын “тас” кейпин кийишеби?  Эл эмне-дейт?

 Автор:  ОсОО “Строй ТЭКС”тин 19-прорабы Р. Усупжанов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: