Menu

Видео – Махмуд Султанов, “Центеранын” компаниясынын кызматкери: Мени иштен мыйзамсыз кетирген. Төрт жылдан бери соттошуп жүрөм

Бөлүшүү:

Кылымдын аферасы аталган “Кумтөр” компаниясында 18 жыл иштеп,  күтүүсүздөн иштеп мыйзамсыз айдалган Махмуд Султанов акыйкаттык издеп атайын редакциябызга келген экен.  Чындык чыркырап күйүп жатканын баса белгилеп, төрт жылдан бери соттук иштер менен убара болуп келе жаткан бул маектешибиз кеп кезегинде төмөндөгүлөрдү айтып берди.

 —Редакцияга атайын келген экенсиз. Алгач өзүӊүз тууралуу кыскача айтып берсеӊиз?

   —Мен 1996-жылы Кен тармагы боюнча институтту бүтүрүп,  “Кумтөр” компаниясына жумушка орношуп, 2014-жылга чейин 11 жылдын аралыгында аталган компаниянын ар кайсы тармагынан тышкары  тышкы байланыш бөлүмүндө, 2007-жылдан тарта 2014-жылга чейин транспорт бөлүмүнүн башчысы болуп иштегем.

—Ал жактан эмне болуп бошоп калдыӊыз?

 —Компаниянын кадрлар боюнча вице-президен  Деон Баденхорст 2014-жылы 26-февралда  мени чакырып колума чыккан буйрукту карматып,  мыйзамсыз иштен кетирип салды. Анын ичинде дагы кадр бөлүмү “Султановду иштен кетиргенге уруксат бергиле” деп үч жолу профсоюзга официалдуу кайрылган. Анткени, эмгек кодекси боюнча профсоюз уруксат бербесе алардын иштен кетиргенге укугу жок болчу. Бирок ошого карабай профсоюз үч жолу баш тартса дагы мени ушул жылы 20-июнда мени иштен кетиришти.

https://www.youtube.com/watch?v=uME5Gw8ZKgg

—Сиз иштен мыйзамсыз кетиришти деп айтып жатпайсызбы. Эмнеге мыйзамсыз болгондугун түшүндүрүп айтсаӊыз?

 —Биринчиден мыйзам боюнча профсоюз уруксат бербесе булар иштен кетире албайт. Экинчиден 2013-жылы 20-августта компаниянын акционерлеринин жыйыны болгон. Ошол жыйында алар  “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын баардык кызматкерлерин “Кумтөр голд”  компаниясына которсун деген чечим чыгарышкан. Ошонун негизинде 31-мартта №-76-буйрук менен “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын президенти бул компаниядан баардык кызматкерлерди “Кумтөр голд” компаниясына которсун деп буйрук чыгарат. Бирок вице-президент Баденхорст ошол буйрукту, компаниянын акционерлеринин чечимин аткарбай мени которбой койгон. А бирок ошол эле учурда тоо жактагы кендеги кызматкерлерди ошол буйруктун негизинде которуп салган. Анан 20-июнга чейин созуп барып мени иштен кетиргенден кийин башкы кеӊседе которууну баштады.

Бул маектин виде версиясын төмөндё көрүңүз:

—Ал кишинин эмне кызыкчылыгы болгон? Сиздин ордуӊузга башканы алып келип алганбы?

 —Эми мен эмне себеп болгонун айталбайм. Бирок 2012-жылдан баштап эле мен каттын негизинде ар кандай көйгөйлөр менен кайрылсам ал киши мени тоготпой, укпай калган. Эки жылдан бери мен: “Ушинтип мага кысым көрсөтүп жатат. Мен сезип жатам. Мени иштен кетирет”,-деп профсоюзга да кайрылгам. “Биз жардам беребиз,-”профсоюз тарап мени жооткотуп койгон. Чынында мен эч кандай мыйзам бузууларга жол берген эмесмин. Бир да жолу сөгүш, же эскертүү алган эмесмин. Бир сөз менен айтканда бардык ишим так болчу.

—Сиз өзүӊүздүн укугуӊузду коргоп сотко кайрылдыӊызбы?

 —Ооба. 2014-жылы июль айында ишимди кайрадан калыбына келтирүү үчүн Октябрь райондук сотуна кайрылдым. Бирок сот мени ишимди карабай эки жылга созуп таштады. Эми бул жерде бир нерсени айткым келет. Мурун сот тармагында иштеген Давлетбаева Мадина Акремовна деген “Кумтөрдүн” атактуу адвокаты бар. Бул адвокат Биринчи Май райондук сотунда, Бакиевдин убагында шаардык сотто жарандык иш боюнча төраганын орун басары болуп иштеген. Анын байланыштары аябай күчтүү болгондуктан Октябрь райондук соту менин ишимди таптакыр карабай койду. Буга чейин менин ишимди: Жээнбекова ж.б. соттор караган.   2016-жылы апрел айында   арыз-муӊумду укпай, жалаӊ бир тараптын гана сөзүн угуп эле “Кумтөргө” ылайыктуу чечим чыгарып койду. Андан кийин биз шаардык сотко кайрылдык. Шаардык соттон: Бейсекев, Манжиева, Толубаева, Фахритдинова, Кудайбергенов, Алибаев деген соттор карады. Баары тең эле мыйзамсыз чечим чыгарышты десем болот.  “Кумтөрдүн” адвокаты Мадина Давлетбаева ал жерде мурун иштеп таасири күчтүү болгондуктан шаардык сот деле акыйкат чечим чыгарган жок. Анан биз 2017-жылы Жогорку сотко кайрылдык. Жогорку сот ишти туура карап шаардык соттун чечимин чыгарып кайра экинчи инстанцияга жиберди. Экинчи инстанцияда шаардык сот бизди кайра укпай кайра “Кумтөргө” ылайыктуу чечим чыгарып койду. Быйыл январдын аягында  кайра экинчи жолу Жогорку сотко келгенибизде чечимди бизге чыгарып берди. Анткени менен иштен мыйзамсыз кетирип, анан вице-президент №76-буйрукту аткарбай жатпайбы. Андан кийин биз шаардык сотко үчүнчү жолу бардык. Шаардык сот 20-апрелде биздин катышуубузсуз, профсоюзсуз эле кайрадан “Кумтөргө” керектүү чечимди чыгарып таштады.

—Сиз эми  кайра каякка кайрылып жатасыз?    

 —Эми биз кайра үчүнчү жолу Жогорку сотко кайрылганы жатабыз. Төрт жылдан бери ушинтип убара болуп жүрөбүз. Эми бул жөнөкөй эле жарандык иш болгондуктан негизи бир жылдын ичинде эле чечилсе болмок.

—Сиз менен башка дагы мыйзамсыз иштен айдалгандар барбы? Же жалгыз эле сизби?

 —Жок. Эми акыркы 5-6 жылда менин кесиптештеримди мыйзамсыз кетирди деп айталбайм. Бирок кыскартуулар болгон. Иштен кыскартылган кесиптештерим деле соттошуп жатат. Кээ бири соттук иш созулуп кеткендиктен аягына чейин чыдай албай баштаган ишин таштап коюп жатышат. А мен принципке туруп төрт жылдан бери соттошуп келе жатам.

—Башка жумушта иштеген жоксузбу?

 —Жок. Анткени мага компания компенсация төлөп бериши керек да. Компенсацияны компания соттун чечиминен кийин төлөйт. Мисалы, аны алыш үчүн менин эч жакта иштегенге укугум жок. Анткени бир жерде официалдуу иштесем анда  туура эмес болуп калат да мага эч нерсе төлөп беришпейт.

—Эми төрт жылдан бери сотто жүрсөӊүз бир топ чыгым тартып жатыптырсыз…

 —Мисалы, процесс учурунда биз тараптан ар кандай документтерди көрсөтсөк өзгөчө шаардык соттун судьялары бизди укпастан Давлетбаеваны гана угуп жатат. Азыр Давлетбаева шаардык сотко кайрадан сот болуу үчүн талапкер болуп жүгүрүп жүрөт. Адамдардын тагдырын минтип калчаган адамдары жогорку жактан катуу текшериши керек. Дагы бир айта кетчү нерсе, биз шаардык соттун төрайымы Воронцовага бир нече жолу кат түрүндө кайрылганбыз. Ал таптакыр жооп бербей койду. Кишини да кабыл албайт экен.

—Сиз эми 18 жылдан бери иштеп “Кумтөрдүн” ички сырын жакшы билет экенсиз. “Кумтөргө” карата кыргыз коомчулугунун көз карашы чынын айтканда жакшы эмес да. Сиз ал жакта жооптуу кызматтарда да иштептирсиз.  Деги эле  “Кумтөрдөгү” мыйзамсыз иштер тууралуу ачык айта аласызбы?

 —Эми мен өзүмдүн ишим боюнча айтып берейин. Алтын боюнча тиешем жок. Ал эми өзүм транспорттук бөлүмдү тейлеген учурда айдоочулардын укугу тебеленген, эмгек кодексине байланышкан көйгөйлөр болчу. Мен ошондой көйгөйлөрдүн негизинде  вице-президентке бир нече жолу кайрылгам. Ал мени таптакыр укчу эмес. Өз билгенин кылып, каалагандай иш кылчу.  Эми Кумтөрдүн ызы-чуусунун көбү элге маалым. Ал тууралуу айтса дагы сөз көп эле…

Суроо салган: Айбек Шамшыкеев   

Булак: “Багыт” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: