Өлкөдө кош бийлик орногону коңгуроо болуп кагылууда. Коомчулукта Жогорку Кеңештин депутаты Асилбек Жээнбеков президент агасы Сооронбай Жээнбековдон эки тизгин бир чылбырды талашып, кадр маселесине катуу киришип алганы кызуу талкууланууда. Саясатчылар менен элге төбөсү көрүнгөн аткаминерлер президенттин кабылдамасында эмес, Асилбек Жээнбековдун кабылдамасында узун кезек күтүп калышканы айтылууда. Кудум эле Курманбек Бакиевдин учурунда эл Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевдин кабинетине каттап калган көрүнүш кайра кайталанып жаткандай. Өткөндөн сабак албаган иштин арты жакшы болчу эмес эле. Президент инисинин тизгинин тартпаса эртең кеч болуп калбайт деп кепилдик берүү кыйын. Анткени эл үй-бүлөлүк башкарууга чыдабай турганын эки революцияда көрдүк го…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ